Молдованын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик менен түзүлгөн коопсуздук келишимине комментарий берди
Молдова менен Евробиримдиктин коопсуздук тармагындагы өнөктөштүк келишими республиканын аймагына чет өлкөлүк аскер кызматкерлерин келишин билдирбейт. Мындай маалыматты өлкөнүн тышкы иштер министри Михай Попшой билдирди.

Буга чейин Financial Times гезити Евробиримдиктин сунушуна таянып, Молдова менен ЕБ келерки жумада коопсуздук боюнча өнөктөштүгүн “негизинен жаңы деңгээлде” тереңдетүү боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатканын кабарлаган.