Монголия менен Кытайдын биргелешкен машыгуулары өттү
Монголиянын Дорноговь аймагында Кытай менен Монголиянын “Талаа өнөктөшү-2024” биргелешкен аскердик машыгуулары башталды. Машыгуунун негизги багыты мыйзамсыз куралдуу топтор менен күрөшүү болуп саналат жана үч этапка бөлүнөт: күчтөрдү оперативдүү жайгаштыруу, командалык даярдоого басым жасоо менен башкаруу жана эки өлкөнүн армияларынын мүмкүнчүлүктөрүн координациялоо жана колдоо.

“Талаа өнөктөшү – 2024” машыгуулары кызматташуу планына ылайык жүргүзүлүп, май айынын аягына чейин уланат. Негизги максат – Кытай менен Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык жана практикалык кызматташтыгын бекемдөө.
Фото: Кытай панорамасы программасы