Москвада Музейлердин түнү өткөрүлөт — ИА Караван Инфо
Москвада Музейлердин түнү өткөрүлөт

18-майда Орусиянын борборунда музейлердин түнү өтөт. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча музейлер, галереялар, көркөм мейкиндиктер жана көргөзмөлөр кечинде жана түндүн бир бөлүгүндө зыяратчыларга эшигин ачып, аларга атайын программаларды сунуштап, маданий иш-чара уюштурушат.

Бул иш-чара, адатта, Эл аралык музей күнүнө (18-май) жакын дем алыш күндөрү өтөт.

Иш-чаранын толук программасын иш-чаранын расмий сайтынан көрүүгө болот.

error: