«Коомдук пикир» фондунун 11-июнда социологиялык борбордун сайтында жарыяланган сурамжылоосуна ылайык, орусиялыктардын көбү өздөрүн патриот деп эсептешет.
Акыркы жылдары коомдо патриоттук сезимдин өсүшүн орусиялыктардын болжол менен жарымы (52 пайыз) белгилесе, 46 жаштан 60 жашка чейинки жарандардын арасында бул көрсөткүч 60%га жетет.

ФОМдун изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, орусиялыктардын 81 пайызы өз өлкөсү менен сыймыктанбаган адамды патриот деп айтууга болбойт деп эсептешет. Кошумчалай кетсек, россиялыктардын 70 пайыз аскерден качууга аракет кылган мекендештерин патриот катары тааныбайт.
Сурамжылоого ылайык, орусиялыктардын дээрлик үчтөн экиси (65 пайыз) өз өлкөсүнүн тарыхын билбеген адам патриот боло албайт деп ишенет. Ал эми респонденттердин 43 пайыз мамлекеттик гимнди билбеген адамдарды патриот деп айтууга болбойт деп эсептешет.