Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги вето укугунан пайдаланып, космосто ядролук куралды жайгаштырууга тыюу салуу боюнча АКШ менен Жапония сунуштаган резолюция долбооруна бөгөт койгон. БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн 13ү резолюцияны колдоп добуш берсе, Кытай добуш берүүдөн баш тартты.

Добуш берүүнүн алдында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя бул документ Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда дагы чоң бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Орусия менен Кытай резолюция долбооруна куралдын ар кандай түрүн космоско жайгаштырууга жол бербөө чараларын камтыган түзөтүүнү сунуштап, бирок алардын сунушу четке кагылды.
Документ сегиз пункттан турат, анда космостук программаны иштеп чыгуучу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөр тынчтыкты, коопсуздукту, эл аралык кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү колдоо максатында эл аралык укукту, анын ичинде БУУнун Уставын сактоого чакырат. Мындан тышкары, документ бардык өлкөлөргө, өзгчө космостук зор мумкунчулуктөру бар өлкөлөргө кайрылып, космосту тынчтык максатта пайдаланууга, космостук жарыша куралданууну болтурбоого чакырат.