ПМЭФтин алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Санкт-Петербургдун губернатору менен жолугушту — ИА Караван Инфо
ПМЭФтин алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Санкт-Петербургдун губернатору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуунун алкагында Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов менен жолугушту.


Жолугушууда тараптар кыргыз-орус аймактар аралык өз ара аракеттешүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин кошо алганда, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев аймактык өндүрүүчүлөрдүн, жумушчу жамааттардын, соода палаталарынын жана башка ишкер ассоциациялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, ошондой эле өз ара сооданы өстүрүү жана өнөр жай кооперациясын илгерилетүү боюнча аракеттерди бириктирүү сунушу менен чыкты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да улантууга жана ар тараптан бекемдөөгө эки тараптуу даярдыгын тастыкташты.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Газпромбанктын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Алексей Матвеев менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстан менен «Газпромбанк» АК ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө чакырды.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: