Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган «Жунда» заводун ишке киргизип — ИА Караван Инфо
Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган «Жунда» заводун ишке киргизип

Иш-чаранын башында Мамлекет башчыга төрт жылдык (2020-жылдын февраль айынан 2024-жылдын мартына чейин) токтоп калгандан кийин өндүрүш ишин кайра баштаган “Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктады. Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт.

Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты негизинен өндүрүштөрдү ачууга багытталарын айтты.

error: