
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Концепциянын өзү сунушталып, санариптик күн тартибинин актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мамлекеттик органдардын санариптик трансформациясынын жана санариптик коомду түзүүнүн ийгиликтерине токтолуп, стратегиялык маанилүү милдеттерди жана ишти күчөтүү зарыл болгон максаттарды белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине концепциянын алкагында белгиленген милдеттерди ыкчам жана толук ишке ашыруу тапшырмасы берилди.
Алсак, Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык 200дөн ашык пунктту ишке ашыруу каралган, анын ичинен 2024-жылга 89 иш-чара пландаштырылган. План мамлекеттик башкарууну реформалоо, мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо, санариптик инфраструктураны түзүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, санариптик саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык төлөмдөрдү санариптештирүү, айыл чарба, экология жана жер казынасын пайдалануу, энергетика, транспорт, мыйзам чыгаруу процесстер, сот системасы, укук коргоо системасы, курулуш индустриясы, кырсык коркунучун азайтуу, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин камтыйт.