Россия Федерациясынын Түркиядагы элчилиги түрк аба жолдорунун орус жарандарын Латын Америкага учакка отургузуудан баш тартуу фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, бул кайрылуу түрк тараптан кылдат изилденген.
Мария Захарова ошондой эле Орусиянын Стамбулдагы башкы консулдугунан алынган маалыматка караганда, Түрк аба жолдорунун Стамбулдан Латын Америка өлкөлөрүнө учуп бара жаткан орус жарандарын учакка отургузуудан баш тартуусу бул өлкөлөрдүн аймактарына кирүү эрежелерине байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ошондуктан, авиаташуучу учууларды уюштурууда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эрежелерин жана ташуу жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын жетекчиликке алат.