Россия эт азыктарын өндүрүү боюнча дүйнөдө 4-орунга чыкты — ИА Караван Инфо
Россия эт азыктарын өндүрүү боюнча дүйнөдө 4-орунга чыкты

Россиянын президенти Владимир Путин акыркы жылдары өлкөдө заманбап эт тармагы ийгиликтүү түзүлүп, анын аркасында Россия эт өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунга чыкканын белгиледи.

Россия Федерациясынын башчысы «Россияда 2023-жылы эт керектөө рекордду жаңыртып, бир кишиге 80 килограммдан ашат» деп билдирди. Салыштыруу үчүн, дүйнөдө орточо эсеп менен бир кишиге 42-43 кг туура келет».

В.Путин бул жетишкендиктер Россияны эт азыктары менен өзүн 100 пайыз камсыз кылууга мүмкүндүк бергендигин баса белгиледи.

error: