13-марттан 15-мартка чейин Кыргызстанда “Россияда билим берүү – 2024” 14-көргөзмөсү өттү. Иш-чарага Орусиянын 35 университети катышып, кыргызстандык мектеп окуучулары үчүн билим берүү программаларын тартуулашты. Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
Орус билими кыргыз мектеп окуучулары үчүн дайыма суроо-талапка ээ болгон. Кыргызстанда жалпы окуучулардын 37 пайызы орус тилинде окутулат. Ошондой эле Россияда кыргызстандык 14 миңден ашык студент билим алса, анын 7 миңи Россия Федерациясынын федералдык бюджетинен каржыланат. 2022/2023-окуу жылына 500 кыргызстандык студент кабыл алынган.
2023-жылы орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда Россия Федерациясы Кыргызстанда 9 жаңы заманбап мектеп курула турганын жарыялаган. Бир мектептин баасы болжол менен 500 миллион рублга бааланууда. Ар бир мектеп 1200 окуучуга ылайыкташкан. Биринчи мектеп 2025-жылы бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.