Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президентинин милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Россиянын мамлекет башчысы Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана башка бир катар жогорку даражалуу чиновниктердин тик учактын кыйрашынан каза болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты. В.Путин Ирандын лидерин Москва менен Тегерандын ортосундагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон ишенимдүү өнөктөш катары жакшы билерин жана жогору баалай турганын баса белгиледи.
Жооп катары М.Мохбер В.Путинге Иран үчүн ушундай оор мезгилде колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Эки саясатчы тең эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого эки тараптын умтулуусун баса белгилешти.
Сүрөттө: Кремлдин басма сөз кызматы