Россиянын Тышкы иштер министрлиги Тайвань маселеси боюнча КЭРдин позициясын колдойт — ИА Караван Инфо
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Тайвань маселеси боюнча КЭРдин позициясын колдойт

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Тайвандын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Кытайдын өз суверенитетин коргоо боюнча иш-аракеттерин Орусиянын колдоосун билдирди.

20-майда Тайвандын «президенти» Лай Циндэнин «инаугурациясы» болду.

М.Захарова өзүнүн телеграм-каналында «Россиянын Тайвань боюнча позициясы Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин жакынкы кундору Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Россия менен Кытайдын лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө дагы бир жолу ачык айтылган: “Орус тарап “бир Кытай” принцибине берилгендигин ырастайт, Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин тааныйт, Тайвандын көз карандысыздыгына кандай гана формада болбосун каршы чыгат жана өзүнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле өлкөнү бириктирүү үчүн Кытай тараптын өз мамлекетин коргоо боюнча аракеттерин чечкиндүү колдойт..» .

Фото: EPA/ТАСС

error: