Салык органдары иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт — ИА Караван Инфо
Салык органдары иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт

Тактап айтканда, салык кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.

Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

error: