3-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жетекчилери баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча онлайн жыйын өткөрүштү.
Катышуучулар катышуучу-өлкөлөрдөгү учурдагы кырдаалды, эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана баңги заттардын жайылышына каршы күрөштү күчөтүү чараларын талкуулашты.

Иш-чара баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүн чечүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды. Жыйындын катышуучулары ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизатка каршы күрөшүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти. БУУнун эл аралык конвенцияларынын негизинде баңги затын көзөмөлдөө системасын колдоого даяр экени ырасталды. Тараптар ошондой эле синтетикалык баңги заттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын жайылышына олуттуу тынчсызданууларын билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчылары баңги коркунучуна каршы күрөшүүдө заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жумушчу топтор бекитилип, кийинки жыйынды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди, ал тууралуу маалымат ШКУнун катчылыгы аркылуу жарыяланат.
Сүрөт: ШКУнун расмий сайты