АКШнын Силикон өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын жогорку технологиялык паркы ачылды. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Иш-чарага эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT адистери да катышты.
«Силер, IT-компанияларда иштеген жаштар, өлкөбүздүн сыймыгысыңар. Силердин инновацияңыз, талантыңыз жана берилгендигиңиз бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Силердин көбүңүздөр дүйнө жүзү боюнча чоң компанияларда иштеп журосунор жана биз силер менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачууга силердин компанияларды тарта алсак абдан жакшы болмок. Биз силерге, силердин мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишенебиз жана силердин ийгиликке жетүү жолуңуздун ар бир этабында силерди колдоого даярбыз», — деди Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси.
Акылбек Жапаров мамлекет IT демилгелерин колдоого даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле республиканын Өкмөтүнүн максаты Кыргызстанды IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң мыкты жерге айландыруу экенин кошумчалады.