Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда — ИА Караван Инфо
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТICА) президенти Серкан Каялар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу маселелерин жана Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

«Кыргыз Республикасындагы кызматташтык жылдарында Түрк кызматташтык жана координациялык агенттиги саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, социалдык жана башка тармактарда маанилүү долбоорлорду ишке ашырды. Ошол эле учурда сиздин иш сапарыңызда социалдык багыттагы долбоорлордун ишке кириши күтүлүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Бул долбоорлор өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем”,-деди Э.Байсалов.

Өз кезегинде С.Каялар меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин президенти уюмдун ишмердүүлүгү жана пландалган долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: