Май айынын аягында Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Бахтиер Саидов Таиланддын жаңы элчилери Сасиват Вонгсинсават менен Филиппиндин жаңы элчиси Роберто Г.Маналонун ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчисинин расмий Telegram-каналында жарыяланды.

Жолугушууда Өзбекстан менен Таиланддын, ошондой эле Өзбекстан менен Филиппиндин ортосундагы кызматташтыктын түрдүү аспектилери талкууланды.
Экономикалык кызматташтыкты арттыруу, эки тараптуу сооданы көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы байланышты чыңдоо, туризмди, элдик дипломатияны жана маданий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери белгиленди.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Бахтиёр Саидов жаңы дайындалган элчилерге ыраазычылык билдирип, дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Сүрөттө: Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги