Өткөн жумада Шириншо Шотемур атындагы Тажик агрардык университетинде Тажикстан Республикасынын айыл чарба министри Хакимзода Курбондун жетекчилиги астында 2024-жылдын биринчи кварталындагы айыл чарба өндүрүшүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин 2024-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча айыл чарба министринин орун басары Назарзода Машокирдин отчету угулду. Ошондой эле, тармактык көрсөткүчтөр боюнча маалымат Айыл чарба министрлигинин Согди жана Хатлон облустарынын башкы башкармалыктарынын, республиканын ведомстволук шаарларынын жана райондорунун айыл чарба башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, министрликтин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери тарабынан сунушталды.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 3 айында жалпы айыл чарба продукциясынын көлөмү 3,5 млрд сомониге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 106,7 пайызды түздү, ал эми айыл чарба продукциясынын өсүү темпи 0,3 пайызды түздү.
Жашылча 6152 тонна, жемиш — 29 тонна, эт — 53295 тонна, сут — 208212 тонна, балык — 1199 тонна, жун — 308 тонна, жумуртка — 252,5 миллион тоннаны тузду.
Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун тапшырмаларын жана буйруктарын милдеттүү түрдө аткарууну жактады.