Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги башка өнөктөш мамлекеттер менен биргеликте БУУнун штаб-квартирасында “Колдо болгон сырьену пайдалануу менен технопарктарды түзүүнүн маанилүүлүгү” аттуу иш-чара өткөрдү.
Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир технопарктарды түзүүнүн маанилүүлүгүн жана алардын өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдөгү ролун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун тармактык агенттиктери, эл аралык каржы институттары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Тажикстанда биргелешкен технопарктарды түзүүгө жана илимий-техникалык алмашууга катышууга чакырылды.
Тажик тарап республика менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялары жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн илим, технология жана инновациялар боюнча тогузунчу көп тараптуу форумдун алкагында өттү.
Сүрөттө: Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги