Тажикстандын Билим берүү министрлиги өлкөдөгү бардык мектеп окуучулары үчүн күз, кышкы жана жазгы каникулдардын мөөнөтү кыскарганын билдирди. Эми кышкы жана күзгү каникулдар 7 гана күн, ал эми жазгы каникулдар 5 күн болот. Бул өзгөрүүлөр жайкы каникулдардын узактыгынын көбөйүшүнө байланыштуу болду.
Буга чейин тажикстандык мектеп окуучулары күзгү, кышкы жана жазгы каникулда 10 күн: 1-ноябрдан 10-ноябрга чейин, 1-январдан 10-январга чейин жана 21-марттан 31-мартка чейин эс алышкан. Эми бул мөөнөттөр кыскартылды: күзгү каникулдар 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин, кышкы каникулдар 1-январдан 7-январга чейин, жазгы каникулдар 21-26-мартка чейин созулат.

Бул реформага байланыштуу окуу жумаларынын саны 36дан 35ке кыскарып, эми төртүнчү чейрек мурдагыдай 14-июнда эмес, 31-майда аяктайт. Тажикстанда мектептерде жайкы каникул 1-июндан тарта башталат. Белгилей кетсек, 1-класстын окуучулары окуу жылын 25-майда, ал эми экинчиден он биринчи класска чейинки окуучулар 1-июнда аяктайт.
4-11-класстардагы мектеп экзамендерин 3-июндан 19-июнга чейин өткөрүү пландалып, жайкы каникул 31-августка чейин созулат.
Белгилей кетсек, 2010-жылдагы энергетикалык кризистен кийин. Мектептер жылытылган эмес, негизинен республикада электр энергиясына катуу чектөө киргизилген. 2018-жылы гана тажик окуучуларына кышкы, күзгү жана жазгы каникулдар кайтарылды.