Варшавада өткөн Superbet Polska 2024 турниринде өзбекстандык гроссмейстер Магнус Карлсенди жеңди — ИА Караван Инфо
Варшавада өткөн Superbet Polska 2024 турниринде өзбекстандык гроссмейстер Магнус Карлсенди жеңди

Варшавада өтүп жаткан Superbet Rapid & Blitz Poland турниринин алкагында өзбекстандык гроссмейстер Нодирбек Абдусатторов менен дүйнөдөгү атактуу шахматчылардын бири болгон Норвегиянын чемпиону Магнус Карлсен шахмат боюнча мелдеш өткөрүштү. Алардын ортосундагы күрөш курч мүнөздө өтүп, жыйынтыгында Өзбекстандан келген гроссмейстер жеңишке жетти.

Нодирбек Абдусатторов Магнус Карлсенге каршы чеберчилигин биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок. Буга чейин ал Голландияда өткөн Tata Steel Chess 2023 турниринде норвегиялык гроссмейстерди жеңүүгө жетишкен. Анын ийгиликтери бул жеңиштер менен эле чектелбейт – үстүбүздөгү жылдын февраль айында Нодирбек Абдусатторов онлайн рейтинг боюнча дүйнөнүн эң күчтүү шахматчыларынын ондугуна кирип, Өзбекстандын мындай бийиктикке жеткен биринчи өкүлү болуп калды.

Кошумчалай кетсек, Superbet Poland 2024 турнирине Вей Йи, Ян-Кшиштоф Дуда, Рамешбабу Прагнанандха, Аниш Гири, Арджун Эригаиси, Доммаражу Гукеш, Винсент Каймер жана Кирилл Шевченко сыяктуу башка атактуу шахматчылар катышууда. Турнирдин жалпы байге фонду 175 миң долларды түзөт.

Озбек гроссмейстери эл аралык турнирлерде ишенимдуу оюн көрсөтүү менен өзунун куйөрмандарын кубандырууда, жогорку чеберчиликти жана дуйнөнун эн кучтуу шахматчылары менен мелдешуу жөндөмдуулугун көрсөтуп жатат.

error: