ПМЭФ — 2024 пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Россиянын президенти Владимир Путин ички туризмди өнүктүрүү өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.

«Ички туризмди өнүктүрүү биздин узак мөөнөттүү стратегиябыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Алты жылдын ичинде ички дүң продукциядагы туризм тармагынын үлүшү 5 пайызга чейин, ал эми мейманканада жайгаштыруу менен өлкө ичиндеги саякаттардын саны 140 миллион адамга чейин өсүшү керек.Биз эс алуу үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзөбүз, анын ичинде мейманканаларды жана кичи кемпингдерди, лыжа базаларын жана оюн-зоок парктарын курууну ишке ашырабыз», — деди Россия Федерациясынын башчысы.
Ошондой эле шаарлардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча ар кандай иш-чаралар улантыларын белгиледи.
Алардын бири — шаардыктардын ыңгайлуу шартын түзүү боюнча мыкты долбоорлордун бүткүл россиялык конкурсу, ошондой эле жээктерди жана парктарды куруу жана жакшыртуу боюнча программалар.