Владимир Путин Харбинге барды
Россиянын президенти Владимир Путин кайра шайлангандан кийинки чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарында Кытайдын Харбин шаарына келди.

Орус лидери сегизинчи орус-кытай ЭКСПОнун, аймактар аралык кызматташуу боюнча төртүнчү орус-кытай форумунун ачылыш аземине катышууну, ошондой эле Харбин политехникалык университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушууну пландаштырууда.