4-июнь, 2024-жыл Женевада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) башкы директору Эми Поп менен жолугушту. Конфликттен кийинки кырдаалга жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык чакырыктар, алардын өлкөлөрдүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизүүчү потенциалдуу таасири талкууланды.

Миграция тармагындагы эл аралык күн тартибиндеги Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелер каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнү макулдашты. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында биргелешкен иштердин мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты