2024-жылдын июнь айынын башында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуусу күтүлүүдөө. — ИА Караван Инфо
2024-жылдын июнь айынын башында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуусу күтүлүүдөө.

Форумдун жүрүшүндө тараптар улуттук сооданы колдоо тармактарынын натыйжалуулугун аныктоочу факторлорду, алардын иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүктөрүн жана институционалдык түзүмдөрдү реформалоо жолдорун изилдешет.

Катышуучулар ошондой эле ишкердикти колдоонун сапатын жогорулатуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөктөшүү үчүн ар кандай мамлекеттик жана жеке уюмдарды координациялоо механизмдерин түзүү боюнча позитивдүү тажрыйба менен бөлүшүшөт.

Жакында өткөн форумдардын биринде Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов белгилегендей, эл аралык соодада ийгиликтерди камсыз кылуу жана улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн сооданы жана инвестицияны илгерилетүү боюнча институттардын эффективдүү жана практикалык системасын түзүү зарыл.

Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экспортту колдоо жана өнүктүрүү үчүн Өкмөттүк акселераторду ишке киргизди.

error: