Айгүл Жапарова, Эмине Эрдоган жана Анико Леван үчүн улуттук стилде мода көргөзмөсү уюштурулду – ИА Караван Инфо
Айгүл Жапарова, Эмине Эрдоган жана Анико Леван үчүн улуттук стилде мода көргөзмөсү уюштурулду

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леван үчүн улуттук стилде мода көргөзмөсү уюштурулду.

Жогорку даражалуу меймандар элдик кол өнөрчүлүктүн бай маданий өзгөчөлүгүн, каада-салтын жана колоритин чагылдырган кыргыз кийимдери менен таанышты. Ар бир буюм улуттук оймо-чийменин элементтерин, кыргыз элинин рухун жана тарыхын ачып берген уникалдуу сайма жана токуу ыкмаларын көрсөтүп турду.

Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкекте өткөн 11-жыйынынын алкагында өттү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: