Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түштү – ИА Караван Инфо
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түштү

Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа унаа жолунун 346-348-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Алдын ала маалымат боюнча, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган.

Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Источник: сайт https://caravan-info.kg/

error: