Башкы прокуратура: кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча 100дөн ашык материал каралды – ИА Караван Инфо
Башкы прокуратура: кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча 100дөн ашык материал каралды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмышкерлерди экстрадициялоо жаатында эл аралык кызматташууну күчөтүп, Кишинёв конвенциясынын жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барууну улантууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына карагандаЮ 2024-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасына чет мамлекеттик өлкөлөрдөн кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу максатында 69 адам экстрадицияланган.

Ошол эле учурда, Кыргызстандан чет элдик өнөктөштөрдүн суроо-талаптары боюнча 38 кылмышкер өткөрүлүп берилген.

Мисалы, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиянын Башкы прокуратурасынын 1974-ж.т. В.П. аттуу Молдова Республикасынын жараны курал колдонуп, ден соолукка оор залал келтирген каракчылык, ошондой эле каракчылык менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырды.

Ошондой эле, Түркия Республикасынын жараны К.Д. дагы эл аралык кылмыштуу уюмга катышып, ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташып жеткирүүгө жана сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн экстрадициялоо чечими кабыл алынган.

Кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтыктагы иштер улантылып, укуктук кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы алыскы чет мамлекеттер менен экстрадиция боюнча кошумча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: