Билим берүү министри Красноречка көмөкчү жатак-мектебинин абалы менен таанышты – ИА Караван Инфо
Билим берүү министри Красноречка көмөкчү жатак-мектебинин абалы менен таанышты

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 7-ноябрда Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине барып, анын абалы менен жакындан таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эске сала кетсек, социалдык тармакка аталган жатак-мектепке жардам керек деген маалымат тараган. Бирок жатак-мектептин директору Венера Борбуева мектептин имараты капиталдык оңдоого гана муктаж экенин, башка муктаждыгы жок экенин билдирди.

Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби Ысык-Ата районундагы Красноречка айылында жайгашкан, жатак-мектеп 1953-жылы түптөлгөн.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 160 окуучу билим алат. Булар – негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги аталган мектептин курулушун 2025-жылы курула турган социалдык объекттердин тизмесине сунуштаган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: