Бишкекте ЭКСПО – 2024 көргөзмөсү ачылды. Иш-чара КРнын Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган.
Көргөзмө Кыргызстандын рыногунда да, чет өлкөлөрдө да иш алып барган жүздөн ашык компанияларды чогултту.
КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ЭКСПО 2024түн негизги максаты бизнести кеңейтүү жана тышкы рыноктордогу позицияларын бекемдөө экенин баса белгиледи. Үч күн бою көргөзмө Кытай, Түркия, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү, дистрибьюторлору жана ири кардарлары, ошондой эле Европа палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Катышуучулар үчүн юридикалык жана банктык колдоо менен атайын B2B жолугушуулары уюштурулат. Форумдун коноктору текстиль тармагындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышып, ишкер байланыштарды кеңейтип, узак мөөнөттүү эл аралык кызматташтыкты түзө алышат.
Көргөзмөнүн расмий ачылышынын алкагында өзгөчөлөнгөн ишкерлерге КРнын Соода-өнөр жай палатасынын медалдары жана Ардак грамоталары тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/