Бишкектеги «Диалог» шаардык маданият үйүнүн концерттик залында «Коопсуз жашоого укук!» аталышта иш-чара өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Иш-чара гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында уюштурулуп, 200дөн ашуун катышуучуларды чогултту. Алардын арасында спортчулар, спорттук уюмдардын кызматкерлери жана көрүүчүлөр болду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын ИИБнын ИДН жана СОБ кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын балдарга жардам берүү борборунун психологу катышты. Алар зомбулук менен күрөшүүнүн жана ар бир адамдын укугун коргоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.
Маданий түшүнүктү жайылтууга багытталган программасы менен «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли чыгып, иш-чарага өзгөчө атмосфера тартуулады.
Бул иш-чара зомбулук жана дискриминация көйгөйлөрүнө көңүл буруу менен коркпостон жашоого укуктун маанилүүлүгүн баса белгилеген дагы бир кадам болду.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «Диалог» шаардык маданият үйү менен биргеликте уюштурду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/