Бишкекте 30-октябрда № 67 мектептин базасында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда борбордогу мектептердин директорлору үчүн пландык кеңешме өттү.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, кеңешмеде борбор калаанын бир катар мектептеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу боюнча өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду.
Бул иш-чаранын алкагында мэрдин орун басары Виктория Мозгачева айрым уюштуруу маселелерин чечүүдө эрежелерди сактоо зарылдыгын белгилеп, ошондой эле үгүт иштерине катышкандыгы үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин эске салды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 6-пунктуна ылайык, билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Билим берүү уюмдарында билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбейт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/