Бишкектеги И. Раззаков атындагы КМТУда “Лу Бань өнөрканасы” ачылды – ИА Караван Инфо
Бишкектеги И. Раззаков атындагы КМТУда “Лу Бань өнөрканасы” ачылды

Бишкектеги И. Раззаков атындагы КМТУда “Лу Бань өнөрканасы” ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты. 

“Лу Бань өнөрканасында” студенттер алдыңкы технологияларды окуп-үйрөнүшөт, талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүшөт, анын натыйжасында дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жогорулата алышат.

Гидродинамика, гидротехникалык курулмаларды, жаңы энергетикалык ресурстарды, релелик коргоону жана автоматикаларды, электроникаларды, робототехникаларды, маалыматтык технологияларды моделдөө жана автоматташтыруу лабораториялары, “Электр энергиясын берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн интеллектуалдык системасы” жана “Энергетикадагы санариптик автоматташтыруу системалары” лабораториялары жаңы жабдуулар менен жабдылган. Жабдуулардын жалпы наркы 1 млн. доллардан ашты.

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень, Чжэцзян провинциясынын партиясынын туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Чен башында турган делегация катышты.

Расул Абазбек уулу “Лу Бань өнөрканасы” Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кыларын айтты. Билим берүү жана илим министринин орун басары: “Бул долбоор 2023-жылы биздин өлкөлөрүбүздүн жетекчилеринин жогорку деңгээлде жетишилген стратегиялык келишимдеринин аркасында мүмкүн болду… Кытай университеттери жана компаниялары менен өнөктөштүк кыргызстандык студенттерге жана окутуучуларга инновация, билим берүү жана илим сыяктуу маанилүү тармактарда алдыңкы тажрыйбаны алууга мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: