Бишкектеги жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо уланууда – ИА Караван Инфо
Бишкектеги жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды, борбордун дизайн кодуна туура келбеген көрнөктөрдү жана баннерлерди демонтаждоо боюнча рейддер уланууда.

Алсак, Свердлов районунда Курманжан Датка көчөсүндө  Чүй проспектисинен ГЭС-2 кайрылышына  чейин жана Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 96 даана жарнамалык конструкциялар демонтаждалып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренеси боюнча жалпы суммасы 83 000 сомдук 23 протокол түзүлдү.

Октябрь районунун аймагында 72 даана жарнама конструкциялары (баннерлер, мамылар, панно, плакаттар, көлөмдүү тамгалар ж.б.) демонтаждалган.  КР Укук бузуулар  жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык, жалпы суммасы 60 000 сомду түзгөн 12 протокол түзүлдү.

Рейддик иш-чараларды мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгынын адистери «Тазалык»  жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бардык  алынган жарнама  конструкциялар уруксатсыз орнотулган жана тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузган.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: