Бишкектик окуучу абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль утуп алды – ИА Караван Инфо
Бишкектик окуучу абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль утуп алды

Бишкектик окуучу абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль утуп алды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул мелдешке 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандан чемпионатка 7 спортчу кыз катышты: Гүлбара Болотова, Анастасия Ференц, Виктория Тарасова, Талия Айдарова, Бегимай Болотова, Дарья Коваль жана Арууке Борбуева.

Бишкек шаарындагы №64-мектептин окуучусу Бегимай Болотова дүйнөлүк чемпионатта алтын медалды жеңип алды.

Белгилей кетсек, биздин спортчу кыздар эң мыкты натыйжаларды көрсөтүп, 3 алтын жана 3 күмүш медаль тагынышты.

•алтын медаль:
1.Гүлбара Болотова — абадагы шакек;
2.Бегимай Болотова — абадагы шакек;
3.Анастасия Ференц — спорттук пилон.

•күмүш медаль:
Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талия Айдарова (абадагы шакек боюнча топтук номер).

Кыргызстан командасынын машыктыруучулары — Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекова.

Бишкек шаарынын мэриясы чемпиондорду жана алардын машыктыруучуларын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтүү жеңиши менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт!

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: