Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Душанбедеги Мамлекеттер аралык инвестиция жана тоо-металлургия форумуна жана көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул иш-чарада министр Борбор Азия регионунун дүйнөлүк чийки зат тармагындагы маанисине токтолду.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко баалуу жана түстүү металлдарды, сейрек кездешүүчү металлдарды жана казылып алынуучу отунду жеткирүүдө салттуу түрдө маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи.
“Биздин өлкөлөрдүн жер катмарында Менделеевдин таблицасы толук камтылган десек болот. Бизде технологиялык компаниялар үчүн негизги чийки зат биржасына айланууга, ошондой эле коңшу республикалар менен кызматташып, ресурстарды терең кайра иштетүү үчүн инфраструктура түзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар,” — деп билдирди министр.
Ал өз сөзүн жыйынтыктоодо, аймактык өлкөлөрдү заманбап технологияларды киргизүүгө, инвестицияларды тартууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл бурууга чакырды.
Министрдин айтымында, Кыргызстан бул багыттарда топтогон тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшүүгө даяр.
Муну менен ал аймактын биргелешкен өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошууну көздөйт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/