Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов 2-орунду ээледи
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/