Дыйкан-фермерлерге жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн технологиялык картасы иштелүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүнө бүгүнкү күндүн талабына жараша технологиялык карталар иштелип чыгууда.
Ведомстводон билдиришкендей, аталган технологиялык карталарда эң негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө кеткен чыгымдары жана кирешелери камтылмакчы.
Республиканын дыйкан-фермерлерине биринчи кезекте жогорку кирешелүү жана экономикалык жактан пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (кулпунай, черешня, малина, кара-өрүк ж.б.) технологиялык карталары жакынкы күндөрү сунушталат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/