ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттоо сертификаты salyk.kg сайтында – ИА Караван Инфо
ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттоо сертификаты salyk.kg сайтында

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо үчүн зарыл болгон салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты алуу кызматын cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинин жаңы версиясына которот.

2024-жылдын 28-октябрынан тартып “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн” деген белги менен салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты алуу боюнча сервис cabinet.salyk.kg сайтындагы жаңыланган Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу гана жеткиликтүү болот. Импорттоочулар мындан ары малымкатты Salyk.kg сайтындагы кабинеттин эски версиясы аркылуу ала алышпайт.

Маалымкатты алууга суроо-талап жөнөтүү үчүн “Маалымкаттар” бөлүмүнө кирип, “Маалымкат алуу суроо-талабы” кызматын тандап жана “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн маалымкат” бөлүмүн басуу керек. Андан кийин маалыматтарды текшерип, зарыл болгон талааларды толтуруу менен суроо-талапты жөнөтүү керек.

Салык төлөөчүлөр бул маалымкаттын формалары жана тартиби менен sti.gov.kg сайтындагы “Билим базасы” бөлүмүндөгү “Евразия экономикалык биримдиги” бөлүмчөсүнөн тааныша алышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: