Хорогдо топоздун этинен жасалган азыктарды чыгаруучу завод курулууда - ИА Караван Инфо
Хорогдо топоздун этинен жасалган азыктарды чыгаруучу завод курулууда

Хорог шаарынын Технологиялык паркынын аймагында топоздун этинен эт жана эт азыктарын чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органынын маалыматы боюнча, завод үчүн технологиялык жабдуулар Германия жана Австриядан алынып келинет. Ишкананын курулушу 2024-жылдын март айында башталып, анын аянты 2600 чарчы метрди түзүп, 50 жумушчу орун түзүлөт.

Негизги сырье Мургаб районунан, ошондой эле облустун башка дыйкан чарбаларынан алынат. Топоздор жергиликтуу өнөр жай учун баалуу ресурс болуп саналат. Бул жаныбарлардын эти менен сүтү экологиялык жактан таза деп эсептелинип, мындай азыктарга ички жана эл аралык рынокто суроо-талап өсүүдө. Завод ички рыноктун керектөөсүн гана канааттандырбастан, экспортко чыгарууну да пландаштырууда.

Тажикстандын өкмөтү топоздордун санын көбөйтүү программасын ишке ашырып, аларды Мургаб, Рошткалада, Дарваз сыяктуу тоолуу аймактарда өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Мисалы, Мургабдагы Зоркул көлүнүн айланасында эле тогуздан ашык кышкы жайыт бар, алардын ар биринде 100 башка чейин топоз бар. Бул аймактардагы жагымдуу шарттар өнөр жайдын өнүгүшүнө жана экологиялык жактан таза продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө шарт түзөт.

Сүрөт: ачык булактардан

error: