Ички иштер министрилигинде үй-бүлөлүк зомбулук жана алдын алуу чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик тутумдагы социалдык кызматтардын жана мекемелердин кызматкерлеринин жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда Координациялык кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, “Шанс”, “Сезим” кризистик борборлорунун, “Оазис” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилери, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын, ИИМдин күзөт кызматынын башчыларынын орун басарлары жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.
Жолугушууда үй-бүлөлүк жана башка түрдөгү зомбулуктан жабыр тарткандарга комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча уюштуруу жана координациялоо, “үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланып, калк арасында өз ара аракеттешүү механизмдери жана биргелешкен маалыматтык иштер каралды.
Чыгып сүйлөгөндөрдүн айтымында, аялдарды жана балдарды зомбулуктан коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Коом бул маселелер боюнча аракеттерди бириктирип, маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларын көрүшү керек.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүчү уюмдардын байланыш маалыматтарын жана кызматтарынын тизмесин көрсөтүү менен маалыматтык барактарды даярдоо жана аларды мамлекеттик уюмдардын имараттарына, анын ичинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИБ имараттарына жайгаштыруу сунушталды.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бул багыттагы иштер туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/