Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Кыргыз Республикасынын Баатыры «Исхак Раззаков» атындагы ордени – мамлекеттик сыйлыкты негиздөө сунушун киргизди.
Алсак, эл өкүлү анын дарегине бул тууралуу көптөгөн шайлоочулардын атынан сунуштар, суроо-талаптар келип түшкөнүн айтты.
«Өлкөбүздө Исхак Раззаков тууралуу укпаган жана билбеген адам жок болсо керек. И.Раззаков 1945-1961 –жылдары согуштан кийинки саясий татаал, экономикалык жокчулук мезгилде кызматка келип, кыргыз эли, кыргыз жери, кыргыз маданияты, кыргыз тили деп күйгөн, кыргыз элинин экономикасын, илимин-билимин, өнөр жайын, айыл-чарбасын көтөрүүгө чоң салым кошкон улуу инсан», – деген депутат залкар мекендешибиздин басып өткөн жолуна, анын мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон эмгегине учкай токтолду.
Муну менен катар Миргүл Темирбаева сунуштаган жаңы орден адал, ак ниет менен кызмат кылган таза иштеген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге жана өндүрүшкө өзгөчө салым кошкон жеке ишкерлерге гана ыйгарыларын белгилеп:
«Мамлекеттик сыйлыкты негиздөө Исхак Раззаковдун атын түбөлүккө калтыруу, Кыргыз Республикасынын эгемендигин чыңдоого жана мамлекетти башкарууда адал, ак ниет, таза эмгеги үчүн – өзгөчө кыргыз индустриясынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн кызматкерлердин ак эмгегин белгилөө максатын көздөйт», – деди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/