Испаниядагы суу ташкындан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Тышкы иштер министрлиги Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында, алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары жок экендигин билдирет.
Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн КР жарандары менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/