Бүгүн, 18-мартта Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Электр менен камсыздоону санариптештирүү долбоору) жана Кыргыз Республикасы, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Электр менен камсыздоону санариптештирүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.

Маалымат менен Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков тааныштырды.
Анын айтымында бул долбоордун 1-компонентинин алкагында болжол менен 150 миң эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдарын жана кеминде 200 км өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарды сатып алуу каралган.
Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов өлкөнүн электр тармагындагы таңкыстыкты жоюу үчүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдарын эртерээк орнотууга чакырды. Ошондой эле эсептегичтерди сатып алууда акча каражатын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ал эми комитет төрагасынын орун басары Алишер Козуев аталган долбоордо ата мекендик өндүрүшчүлөр менен болгон кызматташтык кандай жүрүп жатканына кызыкты. Өз кезегинде Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков ата мекендик өндүрүшчүлөр эсептегич жана изоляцияланган зымдарды чоң көлөмдө чыгарып бере албастыгын, аны менен бирге баалары да салыштырмалуу кымбатыраак болуп жатканын белгилеп өттү.
Мындан тышкары 2026-жылдын аягына чейин аталган долбоордун алкагында электр менен камсыздоону санариптештирүү толугу менен ишке ашары айтылды.
Булак: https://caravan-info.kg/