Кыргызстанда кант кызылчасынын 2024-жылдагы түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү улатылууда. Быйыл кант кызылчасы эгилген аянт 15 миӊ гектарды түздү. Фермерлер көлөмү боюнча рекорддук түшүмдү – 900 миӊ тоннадай тамыры таттуу жемиш жыйнап алууну пландап жатышат. Бул сезондо ата мекендик чийки заттан 120 миӊ тонна кант өндүрүлө турганы болжолдонууда. Мындай өндүрүш көлөмү өлкөнүн кумшекерге болгон бир жылдык муктаждыгын 100% жабат.
Кыргызстанда кант кызылчасын кайра иштетүү жана кызылча кантын өндүрүү менен эки ири ишкана – «Кайыӊды-Кант» ААК жана «Кошой» ААК иш жүргүзөт. «Кайыӊды-Кант» заводунун өӊдүрүштүк кубаттуулугу суткасына 3,8 миӊ тоннаны түзөт, ал эми «Кошой» кант заводу суткасына 3 миӊ тонна кант кызылчасын иштете алат. Түшүм Чүй жана Талас облустарында жайгашкан сегиз кызылча кабыл алуу пункттарында кабыл алынат. Ташып жеткирүү автоунаа жана темир жол транспорту менен жүргүзүлөт. 29-октябрга карата 540,1 миӊ тонна кант кызылчасы кабыл алынды. Айдоо талаалардан кызылча кабыл алуу жайларына 32,9 миӊден ашык каттам ишке ашырылды.
Сезондун башталышынан тартып ишканалар 245,1 миӊ тонна кант кызылчасын кайра иштетишти, андан 32,5 миӊ тонна кант өндүрүлдү. Дагы 253 миӊ тоннадай кызылча кабыл алуу пункттарынын кагат талааларында сакталып турат.
Заводдордо кызылча кантын өндүрүү 2025-жылдын февраль айына чейин улантылат. Кайра иштетүү сезонунда «Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» эч тынымсыз иштейт. Бул эки ишкананын үзгүлтүксүз иштешин 1500 ашык киши камсыз кылат.
Кант заводдору менен 3 685 фермер келишим түзгөн, ал эми жалпы кант өндүрүү тармагына 100 миӊдей кыргызстандык тартылган. Тамыры жемиш айыл чарба өсүмдүгү басымдуу түрдө Чүй облусунда өстүрүлөт, ошондой эле Талас жана Ысык-Көл облустарында айдалат. Кант заводдору кызылча өстүрүүчүлөргө KWS (Германия) жана Florimond Desprez (Франция) алдыӊкы селекциялык компаниялардын үрөндөрүн сатат.
Өндүрүш ишканалары кызылча өстүрүүчүлөрдөн алынган түшүмдүн 30% кепилденген баада сатып алат, ал эми кант кызылчасы үчүн төлөмдүн 70% фермерлер даяр өнүм түрүндө алышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/