КМШ өлкөлөрүндө кыргыз балмуздагы чоң суроо талапка ээ – ИА Караван Инфо
КМШ өлкөлөрүндө кыргыз балмуздагы чоң суроо талапка ээ

Акыркы 5 жыл аралагында Кыргызстанда балмуздак өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта балмуздак өндүрүүнүн көлөмү 5172 тоннадан 10824 тоннага чейин жеткен. Ал эми экспорттун көлөмү 2753 тоннадан 6111 тоннага чейин өскөн.

Негизинен Кыргызстанда өндурүлгөн продукция Казакстанга, Өзбекстанга жана Россияга экспорттолот. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүндө кыргыз балмуздагы чоң суроо талапка ээ.

Аны менен бирге акыркы убактарда балмуздакты импорттоонун динамикасы да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, импорттун көлөмү 2788 тоннадан 1969 тоннага чейин азайган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: