Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрында Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Түркияга иш сапары менен барды.
Иш-сапардын алкагында Түркия мамлекетиндеги Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаевдин коштоосунда Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мюнир Караоглу, Стамбул шаарынын губернатору, Ички иштер башкармалыгынын жана миграция кызматынын жетекчилери менен жолугушларды өткөрдү.
Жолугушуу учурунда коопсуздук, миграция жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери каралып, Түркия мамлекетиндеги Кыргызстандын жарандарынын көйгөлөрү боюнча пикир алмашуулар болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, КР Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү катары дайындалган кызматкерлерди Түркия Республикасына Ички иштер министринин жетекчилигине тааныштырып, бул өкүлдөр Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери коопсуздук тармагында жана жарандарыбыздын укук жана эркиндиктерин камсыздоодо багытында дагы тыгыз кызматташтыкта иш алып барат деген ишенимин билдирди.
Андан соң, Ички иштер министрини орун басары Нурбек Абдиев жогоруда аталган өкүлдөрдү Түркия мамлекетиндеги Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев жана элчиликтин кызматкерлери менен өзүнчө тааныштырып, жолугушуу өткөрдү.
Жолугушунун аягында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы жыңы дайындалган өкүлдөрүнө иштеринде ийгилик калоо менен элчи Руслан Казакбаевге жана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/