2024-жылдын 22-октябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери департаментинин директору Жаухара Юсуф Фахру айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары тараптар, жакынкы келечекте бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле сапарлардын мазмундуу бөлүгүн даярдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар, сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/