Кыргызстан Бакуда COP29 улуттук павильонун ачты – ИА Караван Инфо
Кыргызстан Бакуда COP29 улуттук павильонун ачты

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жетектеген делегациясы Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) Тараптарынын 29-конференциясына активдүү катышууда.

Бүгүн, 11–ноябрда Кыргызстандын Улуттук павильонунун ачылышы болуп өтту-КОПдо биринчи жолу көрсөтүлдү. Павильон 2023-2027-жылдарга “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” глобалдык демилгесинин алкагында түзүлгөн, бул Кыргызстан үчүн тоо күн тартибинин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Павильон өлкөнүн кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде климаттык күн тартибин, экономикалык, энергетикалык жана туристтик потенциалын илгерилетүү үчүн борбордук аянтча болуп калды. Павильондо эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн салттуу боз үй тигилип, бал, кургатылган жемиштер жана шоколад сыяктуу улуттук азыктардын даамын таткан чакан көргөзмө уюштурулду.

COP29га 100дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баш болгон 150 өлкөдөн делегациялар катышары күтүлүүдө.

Конференция 22-ноябрга чейин созулат жана болжол менен 70 000 катышуучуну тартат деп күтүлүүдө, бул эң чоң климаттык жыйындардын бири.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: